Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:52

Ошто «Атамбаевсиз КСДП» кыймылынын жыйыны өтүп жатат


«Атамбаевсиз КСДП» кыймылынын буга чейинки жыйындарынан тартылган сүрөт.
«Атамбаевсиз КСДП» кыймылынын буга чейинки жыйындарынан тартылган сүрөт.

Ош шаарындагы Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында «Атамбаевсиз КСДП» кыймылынын жыйыны өтүп жатат. Бул тууралуу аталган кыймылдын демилгечиси Сагынбек Абдрахманов билдирди.

Ал өзү «Фейсбуктагы» баракчасына койгон видеодо театр толо адам келгени, президиум шайлап, кезектешип чыккан адамдар билдирүүлөрдү жасап жатканы көрүнүп турат. Алар партиянын төрагасы, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин саясатын сынга алып, азыркы президент Сооронбай Жээнбековду колдоп сүйлөп жатышат.

Буга чейин мындай жыйындар Чүй, Талас жана Жалал-Абад облустарында өткөн.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясында (КСДП) акыркы бир жылда пикир келишпестиктер күчөп келатат. Экс-президент Алмазбек Атамбаев партияга лидер катары келгенден тартып «Атамбаевсиз КСДП» деген кыймыл түзүлүп, 3-апрелде өз алдынча курултай өткөрө турганын жарыялаган. Анын мүчөлөрү партиядан Атамбаевди чыгарууну жана саясий кенештин курамын тазалоону көздөп жатышат. Алмазбек Атамбаев башында турган партиянын активисттери бул кыймылдын артында азыркы бийлик турарын кабарлап, алардын тобу легитимсиз экенин билдирүүдө. (ErN)

XS
SM
MD
LG