Соттор кеңешинин Тартип комиссиясы көзү азиз активист Темирлан Ормуковдун иши боюнча анын арызын карап, Жогорку соттун судьялары Эсенкановдун, Бокоевдин, Камчыбековдун, Бишкек шаардык сотунун судьялары Момуналиевдин, Аккозуевдин, Бектемированын жана Октябрь райондук сотунун судьясы Алиевдин үстүнөн кызматтык иликтөө жүргүзүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ормуков маалымдады.
Буга аталган жети судьянын Темирлан Ормуковдун ишин кароодо аны камакка алуу жөнүндө чечимин чыгарганы себеп болду. Активисттин арызы 29-мартта каралды.
Кызматтык иликтөө аяктагандан кийин аталган сотторго кылмыш ишин козгоо же козгобоо маселеси чечилет.
Бул маалыматты Соттор кеңешинин Тартип комиссиясынын басма сөз кызматы тастыктаган да, төгүндөгөн да жок.
Былтыр июль айында Башкы прокуратура Жогорку соттун үч судьясына - Арзыбек Акыевге, Качыке Эсенкановго, Каныбек Бокоевге кылмыш ишин козгогон. Аларга «азиз активист Темирлан Ормуков тергөө абагына камалган учурда арызын убагында карабай, эркиндикке болгон конституциялык укугун бузган» деп айып коюлган. Кийин бул иш токтоп калганы кабарланган.
Соттор кеңешинин Тартип комиссиясы Арзыбек Акыевге гана сөгүш берүү тууралуу чечим чыгарган. Ал эми калган эки судья Качыке Эсенканов менен Каныбек Бокоевдин жоопкерчилиги каралган эмес. Мындан кийин Темирлан Ормуков райондук жана шаардык соттун судьяларын да кошуп, алардын жоопкерчилигин кароо тууралуу Соттор кеңешинин Тартип комиссиясына кайра арыз жазган эле.
Ормуков былтыр 29-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына чакырылып, камакка алынганы жатканда ичин устара менен тилип жиберген. 2018-жылы 5-апрелде ооруканада жаткан жеринен камакка алынып, ошол эле жылы 11-майда абактан чыккан.
Ормуков мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди сындаган ырына байланышуу айыпталган. Ага каршы милицияга Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев арыз жазган. (ErN)