Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:33

Бишкек-Ош автоунаа жолу ачылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн саат 10:00дөн тартып Бишкек-Ош автоунаа жолу ачылып, бардык посттордон машинелер өткөрүлө баштады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам тобу жеринде иштеп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аба ырайы кескин өзгөрүп, кар көчкү түшүү коркунучу пайда болгондугуна байланыштуу, Бишкек-Ош автожолу 29-март күнү саат 22:00дөн тарта жабылган. Жол «Сосновка», «Арал» постторунан жана Өтмөк ашуусунан тосулган.

Мекеме өзгөчө кырдаалдар болсо 112 кызматына кайрылууга чакырат. (BTo)

XS
SM
MD
LG