Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:28

Жолдубаева: КСДПнын Жалал-Абаддагы жыйыны тоскоолдуктар менен өттү


Кундуз Жолдубаева.
Кундуз Жолдубаева.

КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева бүгүн, 31-мартта партиянын Жалал-Абад облусундагы жыйыны ар кандай тоскоолдуктар менен өткөнүн билдирди.

«Конференция өткөн жайды эртеден кечке укук коргоо органдары тегеренип жүрүштү. Биз аларды сүрөткө, видеого тартып алдык. Партияга эч кандай тиешеси жок, атайын даярдалган аялдарды да жиберишиптир. Алар «партиянын конференциясына биз да катышабыз» деп жаңжал чыгарышты. Бирок алар партиянын мүчөсү эмес».

Жолдубаева Жалал-Абадда КСДПнын конференциясын өткөрүүгө бут тосуулар болуп жатканын кечээ, 30-мартта айтып чыккан. Буга байланыштуу алар Сузак районунун ички иштер башкармалыгына арыз жазышкан.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Кылычбек Жолдошев арыз Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын айтты.

«Арызды жазып коюшуп, тергөөчү чакырса келбей жатышат. Арызды жазгандан кийин аягына чейин ошол жерде болушу керек да. Тергөөчү эртеден бери таппай, телефон чалса «мына, азыр барабыз» деп барбай коюшуптур. Жөн эле арызды таштап кетип калышса тергөө кантип жүрөт? Бүгүн дем алыш күн. Ал жакта милициялар эмнеге жүрүшмөк эле? Өздөрү жыйынга адам чогулта албай анан ушундай иштерди уюштуруп жатышат», - деди Жолдошев​.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) 30-мартта Ош жана Баткен облустарында жыйын өткөргөн. Жолдубаева КСДПнын конференциялары эми Чүй облусунда жана Бишкек шаарында да өтүп, 6-апрелде партиянын кезектеги XVIII съезди болорун айтты. (BTo)

XS
SM
MD
LG