Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:45

Украина: шайлоодогу эреже бузуу боюнча 1600дөй арыз түштү


Киевдеги добуш берүү. 31-март, 2019-жыл.
Киевдеги добуш берүү. 31-март, 2019-жыл.

Украинадагы президенттик шайлоо учурундагы түрдүү мыйзам бузуу фактылары боюнча кеминде 1600 арыз келип түштү. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлиги добушканалар жабылаарына эки сааттай убакыт калганда билдирди.

Добушканалардын жанында үгүт жүргүзүү, добуш сатып алууга аракет кылуу жана бюллетендерди сүрөткө тартуу шайлоо учурундагы кеңири тараган эреже бузуу аракеттери катары мүнөздөлдү.

Өлкө аймагында миңдеген шайлоо бекеттеринин коопсуздугун 39 миңдей полиция кызматкери камсыз кылып жатат.

«Евромайдан» окуяларынан бери экинчи жолу өтүп жаткан президенттик шайлоого рекорддук сандагы талапкерлер же 39 киши ат салышууда. Шайлоонун расмий жыйынтыгы 10-апрелге чейин жарыяланышы керек. Эгер бир да талапкер 50 пайыздан көп добуш топтой албай калса, анда 21-апрелде экинчи тур өтөт.

XS
SM
MD
LG