Британияга таандык Теркс жана Кайкос аралдарынын аймагында мыйзамсыз мигранттарды ташып бараткан кайык оодарылып, андагы кишилер сууга чөгүп кеткен.
Аралдын полициясы жекшембиде «Фейсбуктагы» баракчасына 13 киши куткарылып, дагы он кишинин сөөгү суудан чыгарылганын билдирди. Кайыктагы адамдардын саны такталууда.
Март айынын башында Багам аралдарына жакын жерде Гаитиден келе жаткан мигранттардын моторлуу кайыгы чөгүп, андан 28 киши көз жумган.