Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:02

Азамат Анарбаев: казак тарап сүйлөшүүгө барбай жатат


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Казак тарап сүйлөшүүгө барбай жатат. Учурда «Ак-Тилек» өткөрмө бекетинде 275 жүк ташуучу автоунаа турат. Бул тууралуу «Азаттыкка» «Ак-Тилек» көзөмөл өткөрмө жайынын башчысы, майор Азамат Анарбаев кабарлады:

- Бул абал документтеги маалымат менен автоунаанын ичиндеги жүк дал келбегендиктен жаралууда. Казак тарап бир саатта беш автоунаа өткөрүп жатат. Буга чейин бир саатта он чакты автоунаа өткөрүшчү. Буга чейин мындай текшерүү болчу эмес. Азыр казак тарап биз менен байланышка чыкпай жатат.

Чек ара бекетинде жүргөн «Азаттыктын» кабарчысы маалымдагандай, артка кайтарылган айрым автоунаалар кайтпастан кайра эле катарга тизилип, кырдаалдын оң жагына чечилип калышынан үмүттөнүп, кетпей турушат. Чек ара кызматкерлери айдоочулардан тыгын жаратпай артка кетүүнү суранып жатат.

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы «Ак-Тилек - Автожол» көзөмөл өткөрмө бекетинде жүк ташуучу автоунаалардын узун кезеги 19-марттан тартып пайда болгон.

Бүгүн, 1-апрелде Казакстандын Финансы министрлиги кыргыз-казак чек арасындагы абал тууралуу түшүндүрмө берди. Анын маалыматына ылайык, чек арада жүк ташуучу автоунаалардын өтө албай турганына алардын текшерүүдөн өтүүгө каршы чыгып жатканы себеп болгон.

Текшерүү күчөтүлө электе аталган посттон күнүнө 300дөн 400гө чейин жүк ташуучу автоунаа өтүп турган. (KR/AiA)

XS
SM
MD
LG