Кыргызстандык жеңил атлеттер Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында өткөн эл аралык жарышта беш алтын, бир күмүш байгеге ээ болушту. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы билдиргендей, мелдеш 30-31-март күндөрү өттү. Кыргызстандын намысын бул мелдеште төрт жөө күлүк коргоду.
Гүлшанай Саттарова 800 метрге жана 1500 метрге чуркап, эки алтын медаль тагынды. Мусулман Жоламанов 800 метрге чуркоодо 2-орунду, 1500 метрге чуркоодо 1-орунду ээледи. Анна Буланова 100 жана 200 метрге чуркап, эки алтын байгени алды. Бул мелдешке катышкан Алигаджи Мугаммедгаджиев 100 жана 200 метрге жарышка чыгып, финалга чыкпай байгесиз калды.
Кыргызстандык жеңил атлеттерди башкы машыктыруучу Сатыбек Чокаев жетектеп барган. Спортчулардын мелдешке катышуусу үчүн Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциядан 538 миң сом бөлүнгөн. (ECh).