Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 03:30

2-апрель - Аутизм жөнүндө маалымат таратуунун эл аралык күнү


Иллюстрациялык сүрөт.

Буга байланыштуу 2-апрелде Бишкектеги аутист балдардын ата-энелеринин демилгечи тобу «Аутизм победим KG» фонду менен кошо бир катар иш-чараларды уюштурат. Фонддун маалыматы боюнча, 2-апрелде коомдук ишмерлердин жана эстрада ырчыларынын колдоосу менен кайрымдуулук концерти болот. Мындан тышкары аутизм, аны менен жабыркаган адамдардын өзгөчөлүгү жөнүндө маалыматтык акциялар, тегерек үстөлдөр уюштурулат.

2-апрель Аутизм тууралуу маалымат таратуунун эл аралык күнү катары БУУ тарабынан 2008-жылы жарыяланган.

Кыргызстанда аутизм менен жабыркагандардын расмий эсеби жок. Бул дарт менен төрөлгөн балдарга соңку жылдары гана көңүл бурула баштады. Өкмөттүк эмес уюмдардын маалыматы боюнча, миңге жакын бала ушундай илдет менен каттоодо турат. Расмий клиникалык аныктоо тартиби жок болгондуктан аутизм менен жабыркагандар психикалык майыптардын тобуна кирет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG