Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2021 жума, Бишкек убактысы 05:59

Зеленский менен Порошенко экинчи айлампага чыкты


Владимир Зеленский, Петро Порошенко жана Юлия Тимошенко.

Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) добуштардын 97,40% саналгандан кийинки шайлоонун жаңыланган алгачкы жыйынтыгын жарыялады. Ага ылайык, президенттикке талапкерлердин ичинен куудул Владимир Зеленский 30,24%, азыркы президент Петро Порошенко 15,93%, ал эми «Батькивщина» партиясынын лидери Юлия Тимошенко 13,40 % добушка ээ болушкан.

Бул жыйынтык боюнча, 21-апрелде өтө турган экинчи айлампага Зеленский менен Порошенко чыгары анык болду.

Юлия Тимошенко шайлоонун толук жыйынтыгын тааный элек. Анын штабы экинчи орунга Порошенко эмес, Тимошенко чыкканын билдирип, өз алдынча санак жүргүзүп жатат.

Украинада 31-марттагы президенттик шайлоого жалпы шайлоочулардын 64% катышты.

Шайлоо маалындагы мыйзам бузуу фактыларына байланыштуу полицияга 1600дөй арыз түштү. Бирок БШК жапырт мыйзам бузуу болбогонун билдирди.

XS
SM
MD
LG