Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:27

Казакстан: сот журналист Глушкованын ишин карап жатат


«Настоящее Время» телеканалынын кабарчысы Светлана Глушкова сот имаратынын жанында (ортодо). 1-апрель, 2019-жыл. Нур-Султан шаары.
«Настоящее Время» телеканалынын кабарчысы Светлана Глушкова сот имаратынын жанында (ортодо). 1-апрель, 2019-жыл. Нур-Султан шаары.

Казакстандын Нур-Султан шаарындагы административдик сот «Настоящее Время» телеканалынын кабарчысы Светлана Глушкованын ишин карап жатат. Журналистке «Уруп-согуу» беренеси боюнча айып коюлууда. Тийиштүү беренеге ылайык, Глушкова он суткага камалышы же айып төлөп берүүгө милдеттендирилиши мүмкүн.

Полициянын билдирүүсүнө караганда, журналист 21-22-март күндөрү баш калаанын аталышын өзгөртүүгө каршы чыккандардын митингин чагылдырып жатып көчөдөгү кызды түртүп жиберген. Ал кыз арыз менен полицияга кайрылган. Сот журналистке каршы кылмыш ишинин козголушун мыйзамдуу деп тааныды.

Глушкованы колдоп сотко маалымат каражаттарынын ондогон өкүлдөрү жана активисттер чогулушту. Бирок судья Асия Дощанова процессти түз чагылдырууга тыюу салды.

Журналист өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, бийлик муну менен анын ишине тоскоолдук кылып жатат деп эсептейт.

22-мартта Глушкованы полиция кармап кетип, беш сааттан кийин коё берген. Ал эми 31-мартта аны аэропорттон кармашып, төрт сааттан кийин гана сотко чакыруу кагазын тапшырышкан.

XS
SM
MD
LG