Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Ноябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:40

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Орусияга барат


Касым-Жомарт Токаев президенттик ант берүүнүн алдында. Астана. 20-март. 2019-жыл.
Касым-Жомарт Токаев президенттик ант берүүнүн алдында. Астана. 20-март. 2019-жыл.

Касым-Жомарт Токаев Орусиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу боюнча 3-апрелде Москвага барат. Бул анын президенттик кызматындагы чет мамлекеттеги алгачкы расмий сапары.

Жолугушууда эки тараптын мамилеси, кызматташтыгы, Евразия аймагындагы интеграциялык долбоорлорду өнүктүрүү ж.б. маселелер тууралуу кеп болору кабарланууда.

19-мартта Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев күтүүсүз жерден кызматтан кетерин жарыялап, анын ордуна мыйзам боюнча парламент төрагасы Касым-Жомарт Токаев келген. Ал эми Токаевдин ордун Назарбаевдин кызы Дарига Назарбаева ээлеген.

Орус президенти Казакстандагы бийлик алмашуудан мамлекеттердин ортосундагы мамиле өзгөрбөшүнө үмүттөнөрүн билдирген.

XS
SM
MD
LG