Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:32

«Атамбаевсиз КСДП» Абдрахмановду партия лидери деп тааныды

Сагынбек Абдрахманов.
Сагынбек Абдрахманов.

«Атамбаевсиз КСДП» кыймылы Бишкекте жыйын өткөрүп, лидери Сагынбек Абдрахмановду партиянын жетекчиси болсун деп чечим чыгарышты. Абдрахмановдун талапкерлигин иш-чарага катышкандар бир добуштан колдошту. 

Жыйынга саясатчылардан Данияр Тербишалиев, Ыргал Кадыралиева, Исмаил Исаков, Абдрахман Маматалиев, жер-жерлердеги кеңештердин депутаттары, жалпысынан 300дөй адам катышууда. 

Кыймыл өзү бүгүнкү жыйынды «КСДПнын кезектеги 18-съезди» деп атап жатат.

Партиянын экинчи бөлүгү лидер деп Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди тааныйт. Алар 6-апрелде өз курултайын өткөргөнү жатышат.

Абдрахманов бүгүн сөз сүйлөп жатып, Атамбаевге чакыруу жөнөтүлгөнүн, бирок ал келбегенин айтты. (TSh)

XS
SM
MD
LG