Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:03

Митингге чыккан активист кармалганы айтылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Кырк уруу кыргыз – жети дубан ынтымагы» кыймылы камалган активистин бошотууну талап кылып жатат. Кыймылдын мүчөсү Амангелди Артыковду 3-апрелге караган түнү Бишкек милициясынын кызматкерлери кармап кетишкенин «Азаттык» радиосуна активист Кадырбек Үсөнбаев билдирди:

- «Бригада наружного наблюдения» деп коет экен. Ошолор аңдып, сөзүбүздү тыңшап, бизди эптеп камоого аракет кылып жатышкан. Анысы ишке ашпай, илгерки НКВДдай болуп түндө барып Амангелди Артыковду камап алып кетишти.

Үсөнбаев милиция Артыковду «баңгизат үчүн» деп кармап кеткенин, бирок аны ага «өздөрү таштап койгонун» айтууда.

7-январда жана 17-январда Бишкектин Ала-Тоо аянтында активисттер Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн кытайлык жарандарды өлкөдөн кетирүүнү талап кылган митинг өткөрүшкөн. Анда жалпысынан 21 адам кармалган, баарына Тартип бузуу жөнүндө кодекстин 91-беренесине («Тынчтык чогулуштарын өткөрүүнүн тартибин бузуу») ылайык айып коюлуп, үч миң сомдон айыппул салынган.

Үсөнбаев буга чейин ошол митингден кийин алардын сегиз мүчөсү кармалып, айыппул төлөп чыгышканын, андан бери да мүчөлөр улам күч органдарына суракка алынып жатышканын билдирген.

Ал эми УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов 17-январдагы митингде ташталган чакырыктардын негизинде кылмыш иши козголгонун, анын катышуучулары күбө катары суракка чакырылганын «Азаттыкка» 15-февралда маалымдаган.

Артыковдун кармалышы тууралуу Үсөнбаевдин билдиргенине шаардык милиция азырынча жооп кайтара элек. (RK)

XS
SM
MD
LG