Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:55

Кыйноо боюнча шектүү кызматкерлерге өкүм чыгат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Аламүдүн райондук сотунда бүгүн, 4-апрелде Чүй облустук баңгизатка каршы күрөш башкармалыгынын эки кызматкерине өкүм чыгышы күтүлүүдө. Алар 2015-жылы Токмоктун тургунун 247-берене («Баңгизат сактоо, ташуу») боюнча кылмыш ишин козгоп, күнөөнү мойнуна алдырыш үчүн сабап, кабыргаларын сындырган деп айыпталууда.

Кыйноо курмандыктарынын укугун коргоочу программанын координатору Баатыр Ботобековдун «Азаттыкка» билдиргени боюнча, 60 жаштагы жабырлануучу Юсуф Пиригам 2015-жылы «баңгизат алып жүргөнү үчүн» кармалып, камакка алынган. Токмок шаардык убактылуу камоочу жайында жаткан жеринен аны Кыйноого каршы улуттук борбордун адистери байкап калып, анын арызын прокуратурага тапшырышкан. Прокуратура Чүй облустук баңгизатка каршы күрөш башкармалыгынын эки кызматкерине каршы Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренесинин («Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу») жана 305-1-беренеси («Кыйноо») менен кылмыш ишин козгогон.

- Бул окуя боюнча көп жолу сот болду. Сот жабырлануучу Пиригамды айыптуу деп таап, 14 жылга эркинен ажыраткан. Кийинки сот инстанциясы аны жокко чыгарып, кайра тергөөгө жиберген. Азырынча сот иши аягына чыга элек болгондуктан, ал дагы эле камакта. Ал эми кыйноо үчүн айыпталган эки кызматкер тергөө убагында кызматынан четтетилген да эмес, кызматы, наамы жогорулаган.

Ботобековдун айтымында, кыйноо үчүн айыпталган кызматкерлердин сот иши буга чейин жабык болуп келген. Адвокаттар бүгүн өкүм чыгардагы жараян ачык болот деген үмүттө турушат.

Башкы прокуратура өткөн жылдарга салыштырмалуу Кыргызстанда кыйноо 11 пайызга азайганын билдирген. Укук коргоочулар тергөө учурунда шектүүлөр кыйноого туш болушарын айтып жүрүшөт.

Былтыр күч түзүмдөрүнүн 120 кызматкерине каршы 48 кылмыш иши ачылган. Алардын ичинен 35 кылмыш иши милициянын жетекчи кызматтарында иштеген 100 адамга козголгон. (ZKo)

XS
SM
MD
LG