Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:24

ӨКМ: Үшүк жүрөт


Кыргызстан.
Кыргызстан.

7-8-апрелде Талас облусунун дыйканчылык аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондордо жана Ысык-Көл облусунун чыгышында 0…-3° градуска чейин үшүк жүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) мындай үшүк өрүктүн бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө, данектүү мөмө бактарынын эрте сортторунун бүчүрлөрүнө коркунуч келтирерин эскертти.

5-6-апрелде Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир аймактарда секундасына 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

XS
SM
MD
LG