Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:19

«Викиликстин» негиздөөчүсү Эквадордун Лондондогу элчилигинен чыгарылышы мүмкүн


«Викиликстин» негиздөөчүсү Жулиан Ассанж Эквадордун Лондондогу элчилигинин балконунда. 19-май, 2017-жыл.
«Викиликстин» негиздөөчүсү Жулиан Ассанж Эквадордун Лондондогу элчилигинин балконунда. 19-май, 2017-жыл.

Жулиан Ассанж Эквадордун Лондондогу элчилигинен чыгарыларын «Твиттердеги» «WikiLeaks» деп аталган аккаунт маалымдады. «Эквадор департаментиндеги булактар Жулиан Ассанж чыгарыларын айтты. Аны кармоо жөнүндө Британ өкмөтү менен келишим да бар» деп жазды ал.

2018-жылы октябрда Ассанж Эквадор аны элчилигинен чыгарууга аракет кылып жатканын жарыялаган эле.

2012-жылы баш паанек берип жатып, Эквадор ага башка мамлекеттер менен дипломатиялык мамилелерге көлөкө түшүргөн материалдарды чыгарбай турган шарт койгон.

Австралиянын 47 жаштагы жараны Жулиан Ассанж «WikiLeaks» аркылуу АКШнын аскердик багыттагы 500 миң электрондук документтерин жарыялаганы үчүн сот жообуна тартылышы мүмкүн.

Ассанж 2012-жылдан бери Эквадордун Лондондогу элчилигинен чыга элек. Ага Швецияда зордуктоо фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Ассанж швед бийлиги аны «жашыруун маалыматты жарыялаган» деп айыптаган АКШга өткөрүп бериши мүмкүн деп чочулап келет.

Былтыр май айында Швеция Ассанжга карата зордуктоо фактысы боюнча тергөөнү токтоткон. Ошентсе да Британия ал Эквадордун элчилигинин аймагынан чыкса эле кармаларын билдирген.

XS
SM
MD
LG