Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:45

Апрель окуясында курман болгондорго наам берүү боюнча демилге көтөрүлдү


Апрель окуясында курман болгондорду эскерүү. Иллюстрациялык сүрөт.
Апрель окуясында курман болгондорду эскерүү. Иллюстрациялык сүрөт.

Талас облусунда 2010-жылдын апрель окуяларында жакындарын жоготкондор маркумдарга «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамын жана «Ак шумкар» орденин берүү жөнүндө демилге көтөрүштү. Мындай сунуш 4-апрелде Таласта элдик революциянын тогуз жылдыгын эскерүү учурунда айтылды.

Революцияда шейит кеткендерге жогорудагыдай наам берүүнү Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков да колдоп, жакын арада бул боюнча демилге көтөрүп чыгарын айтты.

Таласта "апрелчилерге" наам берүү маселеси көтөрүлдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:44 0:00

Иш-чарага каргашалуу окуяда каза тапкандардын жакындары, революциянын катышуучулары, президенттик аппараттын, өкмөттүн жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары катышты.

2010-жылдын 7-апрель күнү эл Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимин кулаткан. Бийлик куралсыз элге ок атып, 90го жакын киши мерт болгон. Жүздөн ашуун адам түрдүү жараат алган. (AlS)

XS
SM
MD
LG