Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:17

Стамбулдагы аэропорт жаңысына көчүрүлүүдө


Стамбулдагы жаңы аэропорт.
Стамбулдагы жаңы аэропорт.

6-апрелден тарта Түркиянын Стамбул шаарында жаңы эл аралык аэропорт ишке кирет. Тиешелүү жабдуу Ататүрк аэропортунан жаңы аба майданына көчүрүлө баштады.

Маалыматка караганда көчүрүүгө эки сутка убакыт кетет. Ушундан улам эки аба майданында тең каттамдар 12 саатка токтотулду.

Эл аралык компаниялар өз каттамдарын жаңы аэропорттон 6-апрелдин түнүнөн тарта башташы күтүлүп жатат.

Жаңы Стамбул эл аралык аэропорту өткөн жылдын октябрында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын, Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда ачылган.

Жаңы аба майдан он жылдан кийин жылына 200 миллион кардарды тейлеп калары күтүлүп жатат. Расмий маалыматка караганда курулушуна 8 млрд. доллар сарпталган.

XS
SM
MD
LG