Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:01

Сербияда 20 жыл мурдагы журналисттин өлүмү боюнча өкүм чыкты


Славко Курувия.
Славко Курувия.

Сербияда чалгын кызматынын мурдагы төрт кызматкери 20 жыл илгери журналисттин өлтүрүлүшүнө байланыштуу узак мөөнөткө кесилди.

Эки эркин гезиттин редактору жана ээси Славко Курувия 1999-жылдын 11-апрелинде Белграддагы үйүнүн жанында атып өлтүрүлгөн. Ал ошол кездеги Югославиянын президенти Слободан Милошевичти сындап жүргөндөрдөн болчу.

Белграддын соту 5-апрелде ал маалдагы Мамлекеттик коопсуздук кызматынын жетекчиси Раде Марковичти, чалгын офицери Милан Радоничти 30 жылдан кести. Ушул тапта Маркович саясий негизде киши өлтүрүү кылмыштары үчүн да 40 жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жаткан.

Ошондой эле мурдагы чалгынчылар Ратко Ромич менен Мирослав Курак 20 жылдан түрмөгө кесилди.

Жергиликтүү маалымат каражаттарынын жазганына караганда, сот Снежана Йованович бул төртөөнү «белгисиз бирөөнүн буйругу менен журналист Славко Курувиянын киши колдуу болгону» үчүн айыптуу деп тапты.

Курувиянын үй-бүлөсү журналистти өлтүрүүгө «Слободан Милошевич буйрук бергенин» айтып жүргөн. Милошевич 2001-жылы геноцид жана башка аскер кылмыштары үчүн айыпталып камакка алынып, 2006-жылы тергөө изоляторунда, өкүм чыга электе көз жумган.

XS
SM
MD
LG