Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:51

Кара-Суунун эки тургуну Бишкекке жөө жүрүшкө чыкты


Сулайман-Тоо.
Сулайман-Тоо.

Оштун Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак айылынын тургундары Орозкан Токторалиева жана Гүлнара Мырзакеримова айыл өкмөт башчы Шарабидин Капаровго жана сотторго нааразылык билдирип, баш калаага жөө жөнөштү. Алар буга чейин айыл өкмөттө жерлер элге берилбей жең ичинен сатылып жатканын айтып чыгышкан. Айыл өкмөт башчы Шарабидин Капаров болсо ишмердүүлугүн сындаган тургундарды «жалган жалаа жапты» деген жүйө менен сотко берген. Ал соттон «кадыр-баркыма доо кетти» деп, өзүн сындаган эки аялдын ар биринен бир миллион сомдон өндүрүп берүүнү суранган.

Буга чейин Ишкаван айылынын бул тургундары Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысына чара көрүп берүүнү суранып орус президенти Владимир Путинге кайрылууга ниеттенишкенин да жарыялашкан. (YI)

XS
SM
MD
LG