Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:34

Трамп Жашыруун кызматтын башчысын кызматтан алды


АКШнын президенти Дональд Трамп ички коопсуздук министри Кирстьен Нилсен кызматтан кеткендин эртеси Жашыруун кызматтын башчысы Рэндольф Аллести кызматтан алууга буйрук берди. Анын ордуна май айында аталган кызматтын агенти Жеймс Мюррей келе турганын Ак үйдүн басма сөз катчысы Сара Сандерс билдирди.

Мунун алдында Нильсен президент Трампка жазган арызында «Улуттук коопсуздук системасын реформалоодогу жетишкендиктерге карабастан мен четке чыгууга убакыт келди деген чечим кабыл алдым» деп жазган. Ал ошондой эле жаңы министр Конгресс менен соттордун колдоосуна ээ болот деген үмүтүн билдирген.

Талдоочулардын көбү Нилсен мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүүдөгү Конгресс жана соттор менен кызматташуунун деңгээлине нааразы болгонун билдирип жатышат. Ошондой эле ага АКШнын түштүк чек арасы аркылуу келген мигранттардын агымын азайтуу боюнча Ак үй менен президенттин жеке басымы себеп болгону айтылууда.

Нилсен кезинде мыйзамсыз мигранттарды балдарынан ажыратуу саясаты үчүн коомчулуктун сынына кабылган. Алар бул адам укуктарын одоно бузуу экенин айтышкан. Мындай сындан улам АКШнын бийлиги бул саясаттан баш тарткан.

Трамп «Твиттердеги» баракчасы аркылуу кызматы үчүн Кирстен Нилсенге ыраазычылык билдирип, министрдин милдеттерин өлкөнүн Бажы жана чек ара кызматынын башчысы Кевин МакАлинан аткара турганын жазды.

XS
SM
MD
LG