Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:23

Ооганстандагы жардырууда төрт америкалык аскер көз жумду


Жардыруучу зат коюлган автоунаа. Баграм. 8-апрель, 2019-жыл.
Жардыруучу зат коюлган автоунаа. Баграм. 8-апрель, 2019-жыл.

Ооганстандагы НАТОго караштуу авибазанын жанында болгон жардыруудан төрт америкалык жаран көз жумду. Окуя үчүн жоопкерчиликти «Талибан» кыймылы өз мойнуна алды.

Баш калаа Кабулдан 50 чакырым алыс жайгашкан Баграм авиабазасынын жанында болгон жардырууда дагы үч америкалык аскер жарадар болгонун 8-апрелде Кошмо Штаттардын Ооганстандагы күчтөрүнүн өкүлү, полковник Дэвид Батлер билдирди. Анын айтымында жардыруучу түзмөк жолдун чекесинде токтоп турган автоунаанын ичине коюлган.

Жергиликтүү бийлик жардыруудан беш ооган жараны да жарадар болгонун кабарлады.

Вашингтондун маалыматына ылайык, жыл башынан бери Ооганстанда жети америкалык аскер көз жумду. Ал эми 2015-жылдан бери курман болгондордун саны 70ке чукулдады.

Президент Ашраф Гани ал бийликке келген 2014-жылдын соңунан бери 45 миңдей ооган аскери жана полиция кызматкери курман болгонун билдирген.

XS
SM
MD
LG