Израилдеги парламенттик шайлоодо азыркы премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун «Ликуд» партиясы алдыда келатат. Борбордук шайлоо коомиссиясы бюллетендердин 55%, башкача айтканда 3,5 млн. добуш саналып бүткөнүн кабарлады. Ушул убакка чейинки санакка караганда, добуш бергендердин 27,07% «Ликуд» партиясын колдогон. 26% жакыны «Кахоль-Лаван» партиясына добуш берген.
Израилде азыркы шайлоо премьер-министр Биньямин Нетаньяху кызматында калар-калбасын аныктайт. Нетаньяху башында турган «Ликуд» партиясы жетиштүү добуш топтой албай калса, өкмөт башчылыкка башкы штабдын мурдагы жетекчиси, саясий тажрыйбасы жок Бени Гац келиши ыктымал.
Бешинчи жолу өлкө башчылыгына бараткан Нетаньяхунун шайлоо өнөктүгү коррупцияга байланышкан бир катар айыптоолор менен коштолду. Анын башкы атаандашы - отставкадагы генерал, «Ак жана Көк» аттуу борборчул альянстын лидери Бени Ганц. Соңку сурамжылоолордун жыйынтыктары аталган кыймыл Нетаньяху башында турган «Ликуд» партиясынан алдыда экенин көрсөткөн.
Ошентсе да байкоочулар Нетаньяху өзүн колдогон бир нече майда улутчул партиялар менен өкмөттүк коалиция түзүү мүмкүнчүлүгү жогору экенин айтып жатышат.