Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:32

БУУнун Ливиядагы тынчтык жыйыны үзгүлтүккө учурашы мүмкүн


Гассан Саламе.
Гассан Саламе.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Ливиядагы атайын чабарманы кийинки жумага пландалган тынчтык конференциясы болбой калышы ыктымал экенин кыйытты. Буга борбор шаар Триполинин чет жакасындагы салгылаштардын токтобой жатышы себеп болушу мүмкүн.

«Атышуу болуп, абадан сокку урулуп жатканда адамдарды "конференцияга катышкыла" деп сурана албайбыз» деди БУУнун өкүлү Гассан Саламе 9-апрелдеги билдирүүсүндө.

БУУ Ливиянын батышындагы Гадамес шаарында 14-16-апрелдерде сегиз жылдык чатакты талкуулаш үчүн жыйын курууну пландаган.

Өткөн жумада Ливиянын Халифа Хафтар жетектеген улуттук армиясы өкмөт отурган Триполи шаарын алыш үчүн чабуулун баштаган. Анын кесепетинен ондогон адам өлүп, жүздөгөн кишилер шаарды таштай качты. Хафтар эл аралык коомчулуктун ок атууну токтотуу тууралуу чакырыктарына моюн сунган жок.

2011-жылы жарандык согуш башталып, өлкөнүн жетекчиси Муаммар Каддафи өлтүрүлгөндөн кийин Ливияда кош бийлик орногон. Чыгышты парламент жана Хафтар жетектеген армия көзөмөлдөйт. Батыш чөлкөмүндө - Триполиде БУУнун колдоосу менен түзүлүп, эл аралык коомчулук тааныган улуттук ынтымак өкмөтү жайгашкан.

XS
SM
MD
LG