Кыргызстанда бүгүнкү күнгө карата ээси жок 20 миңден ашуун ит атылып жок кылынды. Бул тууралуу бүгүн 10-апрелде Жогорку Кеңеште маалымат берип жатып Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясынын жетекчисинин орун басары Кумарбек Исаков билдирди:
- Ээси жок иттерди атууну жергиликтүү бийлик уюштурат. Бүгүнкү күндө 20 миңден ашуун ит атылып жок кылынды. Кутурма чыккан жерлерде ит атууну уюштуруу жүргүзүлөт.
Исаков адамдарга эхинококкоз оорусун жуктуруунун бирден-бир себеби ит экенин белгилеп, аларга дары берилип жатканын айтты. Ал мурда иттердин кулагына белги коюлган болсо, эми мойнуна каргы тагыларын кошумчалады. (RK)