Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Апрель, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:02

Кургак учуктун дарыга туруктуу формасына чалдыккандар азаюуда


Кургак учукка каршы эки долбоорду ишке ашырууга USAID жардам берди.

Кыргызстанда кургак учуктун кадимки дарынын күчү жетпеген формасына чалдыккан бейтаптар азая баштады. Бул тууралуу «Азаттыкка» Улуттук фтизиатрия борборунун директору Абдуллат Кадыров билдирди:

- Эгер 2016-жылы бизде дарыларга туруктуу кургак учуктун лабораториялык жол менен такталган саны 1244 болсо, 2017-жылы 1206, ал эми 2018-жылы 1176га кыскарган учур болду. Кургак учуктун алдын алуу жана аны дарылоо боюнча советтик мезгилдеги система азыркы талаптарга, шарттарга жооп бербей калгандыктан жаңысын иштеп чыгуу зарылчылыгы пайда болду. USAID агенттигинин колдоосу менен ишке ашырылган долбоордун алкагында бул реформа ишке ашты десек болот. 2017-жылы өкмөт «жол картасын» бекиткен. Анда системаны оптималдаштыруу каралган. Ал эми экинчи долбоордун негизинде дарылоонун стандарттык режими жаңыртылды, жаңы дарылар берилүүдө.

Кыргызстанда кургак учуктан өлүмгө дуушар болгондор соңку беш жылда 26% азайды. Бул тууралуу жакында Бишкекте «Кыргыз Республикасында кургак учукка каршы күрөшүүдөгү беш жылдык жетишкендиктер» деген конференцияда айтылды.

Ошону менен катар адамдар бул ооруга чалдыккан учурлар 13% азайганы маалым болду.

Мындай жетишкендиктер АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) жардамы менен Кыргызстанда ишке ашкан «Кургак учукту жеңебиз» жана «Кургак учукка чакырык» долбоорлорунун алкагында мүмкүн болду.

Кургак учукка каршы кызматты оптималдаштыруу аркылуу 19 млн. сомдон ашуун каражат үнөмдөлүп, анын сапатын жогорулатуу максатында биринчи деңгээлдеги медициналык мекемелердин дарамети күчөтүлүүдө.

Кургак учук дүйнө жүзүндө өлүмдүн негизги он себептеринин бири болуп эсептелет. 2016-жылы бул оорудан 1,7 миллион адам, анын ичинде 250 миң наристе көз жумган.

Кыргызстанда кургак учукка кабылгандардын 70% эмгекке жөндөмдүү курактагылар. (RK)

XS
SM
MD
LG