Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Апрель, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:34

Жалал-Абадда Сауд Арабиясынын кардиологдору жүрөккө стент коюп жатышат


Сауд Арабиясынан келген кардиохирургдар. Жалал-Абад. 10-апрель, 2019-жыл.

Жалал-Абаддагы Жүрөк-кан тамыр хирургиясы боюнча түштүк аймактык илимий борборунун директору Калдарбек Абдраманов чет өлкөлүк дарыгерлер жергиликтүү адистер менен кошо борбордо бейтаптарга акысыз жүрөккө стент коюу акциясын өткөрүп жатканын «Азаттыкка» билдирди:

- Сауд Арабиясынан келген кардиологдор менен бир топ жылдардан бери кызматташып келатабыз. Бир топ жыл мурун алар Бишкекке келип, ушул сыяктуу акцяларга катышып кеткен. Быйыл менин чакыруум менен Бүткүл дүйнөлүк ислам лигасынын колдоосу астында келишти. Алар бул жолу 60ка жакын бейтаптын жүрөгүнө акысыз стент коюу иштерине катышат.

Жүрөк миокардынын инфарктынан жабыркаган бейтаптарга ангиограф - рентгендик нурлардын жардамы менен иштөөчү медициналык аппараттын жардамы аркылуу стент коюлат. Чет өлкөдөн келген дарыгерлер тобунун жетекчиси, профессор Али Масуд бул борбор менен кызматтыштыкты уланта берерин айтты. Ал Жүрөк-кан тамыр хирургиясы боюнча түштүк аймактык илимий борборунун имаратын оңдош үчүн эл аралык уюмдардан жардам сурап кайрыларын кошумчалады.

Жүрөк-кан тамыр хирургиясы боюнча түштүк аймактык илимий борборуна 2014-жылы Кадыржан Батыровдун мамлекеттештирилген 3 кабаттуу, толук бүтпөгөн имараты берилген. Былтыр дарыгерлер жергиликтүү бийликтин колдоосу менен анын биринчи кабатынын бир бөлүгүн оңдоп кирип алышты. Борбордо учурда 170тей адам иштейт. (RsK)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG