Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:03

Ниязов Стамалиевага жооп кайтарды


Алмазбек Атамбаев жана Фарид Ниязов (оңдо).
Алмазбек Атамбаев жана Фарид Ниязов (оңдо).

Президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун штабын жетектеген Фарид Ниязов анын басма сөз катчысы Толгонай Стамалиеванын жазгандарына жооп кайтарды.

«Бул интернет-постту мен Сооронбай Шариповичти актоо, коомдук пикирди алар үчүн жагымсыз болуп жаткан чыккынчылык темасынан алаксытуу аракети катары баалайм» деген Ниязов Жээнбеков КСДПнын президенттикке талапкерлеринин тизмесинде 2016-жылы эле биринчи орунда турганын жана сүрөө иштери ырааттуу негизде жүргөнүн айтты.

Ниязов Атамбаев Жээнбековго «Минскиге барганда эки тараптуу жолугушуу жүргүзбөсүн» деген талап койбогонун, тескерисинче, казак президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугуп, чек арадагы абал жөнгө салынганы үчүн сүйүнгөнүн билдирди.

«Ал эми чыккынчылык темасы экөөнүн ортосунда кийин гана пайда болду. Андыктан анын маселени башкага оодара коюу аракети болбогон иш», деди Ниязов.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Стамалиева 9-апрелде «Фейсбуктагы» баракчасына пост жазып, «Атамбаевге жооп бербей, унчукпай койгон сайын анын дооматтарына макул болгондой элес калтырып жатабыз. Уурусу күч болсо, ээси доого жыгылат» деген.

Ал 2017-жылы президенттик шайлоо өнөктүгү учурунда өзү туш болгон көрүнүштөрдү тизмектеп, Атамбаев менен Жээнбековдун пикир келишпестигине Минскиде өткөн ЖККУнун жыйынында Жээнбековдун Атамбаевдин каршылыгына карабастан Казакстандын ошол кездеги президенти Нурсултан Назарбаев менен жолукканы себеп болгонун билдирген.

«Жолукпай кое алмак эмес. Анткени күнүмдүк тиричилигин, соода-сатыгын казак боордоштор менен чогуу өткөргөн калкыбыз ажодон чек ара чырын чечүүнү күтүп жаткан. Жаңы ажонун ушундай кадамдарын экс бара-бара «саткындык» деп баалай баштады...» дейт Стамалиева.

Ал ошондой эле шайлоо учурунда штабда Жээнбековго карата өгөй сымал мамиле жасалганын, «мындан көрө Сапар Исаковду сүрөсөк болмок» деген сөздөр ачык айтылып турганын айткан.

Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев 6-апрелде КСДПнын курултайынан кийин экс-президент тууралуу кабыл алынган мыйзамга карата пикирин билдирген. Анда «Атамбаевсиз КСДП» кыймылы өткөргөн курултайдын артында Асылбек, Сооронбай Жээнбековдор турарын белгилеп, «саткындарга кошулбайбыз» деп айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG