Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:28

Жээнбеков: Таза суу маселеси жеке көзөмөлүмдө


Ысык-Көлдүн Жаңы-Арык айылына таза суу келди.
Ысык-Көлдүн Жаңы-Арык айылына таза суу келди.

Таза суу маселесин чечүүгө инвестиция тартуу маселеси президенттин жеке көзөмөлүндө. Бул тууралуу мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков 11-апрелде парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Президенттин айтымында, алдыдагы беш жылда 622 айылга таза суу тартылат. Буга 33,8 миллиард сом каражат талап кылынат.

«Эл аралык финансылык институттардын каржылоосу менен 588 айылга тизме түзүлүп, бардыгы болуп 27 миллиард сомдук финансылык булактар аныкталды. Калган сумма боюнча да инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат» деди Жээнбеков.

Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү департаментинин маалыматына караганда, учурда 622 айылда таза суу маселеси бар. Бул айылдарда баш-аягы 1 миллиондон ашык адам жашайт. (RK)

XS
SM
MD
LG