Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:16

Ооганстан: өкмөт менен «Талибандын» сүйлөшүүсү 19-апрелде башталат


«Талибан» кыймылынын согушкерлери.
«Талибан» кыймылынын согушкерлери.

Ооган өкмөтү «Талибан» кыймылы менен 14-апрелде Катарда баштала турган сүйлөшүү беш күнгө жылдырылганын кабарлады.

Өлкөнүн Тынчтык маселелери боюнча жогорку кеңешинин мүчөсү Абдул Хади Аргандивалдын маалыматы боюнча, талкуулай турган иштер көп болгондуктан Дохадагы сүйлөшүү 19-апрелге жылды.

Кезектеги жолугушуу «Талибан» менен өкмөттүк күчтөрдүн ортосундагы 18 жылдан бери уланып келаткан согушту токтотуу аракеттерин күчөтөт деген үмүт жаратууда.

Ооган өкмөтүнүн атынан бара турган делегациянын курамында таанымал коомдук ишмерлер кирген. Абдул Хади Аргандивал анын акыркы курамы эки-үч күндө жарыялана турганын билдирди.

Талибдер өкмөт өкүлдөрүнүн атынан барган делегация мүчөлөрү менен жолугушууга макул болгону менен, аларды «катардагы оогандыктар» катары кабыл ала турганын эскертүүдө.

Куралдуу топ ооган өкмөтүн Американын «тактекеси» деп, аны менен түз сүйлөшүүдөн баш тартып келет.

XS
SM
MD
LG