Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 23:03

ИИМ: Кантта уурдалган баланы мыкты адистерден турган топ издөөдө


Иллюстрациялык сүрөт.

Кантта уурдалган 12 жаштагы баланы милициянын эң тажрыйбалуу адистеринен турган ыкчам топ издеп жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Карима Аманкулова билдирди:

- Чүй облустук жана Ысык-Ата райондук ички иштер башкармалыктарынын тажрыйбалуу кызматкерлеринен турган топ иштеп, маалыматтар жыйналып жатат.

Окуяга байланыштуу Жазык кодексинин «Адам уурдоо» беренесинин негизинде сотко чейинки териштирүү башталды.

Милициянын айтымында, окуя бүгүн эртең менен Кант шаарында болгон. Бала мектепке баратканда жолдон аны жеңил машинеге күчтөп салып кетишкен. Окуянын видеосу Интернетте тарап жатат. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG