Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:34

Орусия: сот америкалык ишкерди үй камагына чыгарды


Америкалык инвестор Майкл Калви.
Америкалык инвестор Майкл Калви.

Москванын Басман райондук соту 11-апрелде «Baring Vostok» инвестициялык фондунун негиздөөчүсү, америкалык инвестор Майкл Калвини үй камагына чыгарды. Чечим бир күн мурда Орусиянын Тергөө комитети сотко Майкл Калвини убактылуу кармоочу жайдан үй камагына чыгаруу жөнүндө өтүнүч киргизгенден кийин чыкты.

Орусияда «Baring Vostok» аттуу инвестициялык фондду негиздеген Калви жергиликтүү бир нече өнөктөшү менен бирге февраль айында Москвада кармалган. Аларга финансылык көз боёмочулук боюнча айып коюлуп жатат.

Бирок Калви жана анын өнөктөштөрү мыйзам бузушпаганын айтып, алардын камакка түшкөнү Орусия менен иш кылуу канчалык коркунучтуу экенин көрсөтүп турганын билдирип жатышат.

51 жаштагы Майкл Калви февраль айынан бери Москвадагы Лефортово тергөө абагында кармалып келген.

Калвинин камалышы Орусиядагы чет өлкөлүк ишкерлерди чочуткан.

Майкл Калви 1994-жылы Орусияда «Baring Vostok» инвестициялык фондун негиздеген. Андан бери ал Орусияга ири өлчөмдө инвестиция салган.

XS
SM
MD
LG