Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 00:05

Кант шаарында уурдалган 12 жаштагы бала аман-эсен куткарылды


Милициянын айтымында, бала мектепке баратканда жолдон аны «Хонда Фит» үлгүсүндөгү машинеге күчтөп салып кетишкен.

11-апрелде эртең менен Кант шаарынан уурдалган 12 жаштагы Данил аттуу бала аман-эсен куткарылды. Бул тууралуу кыргыз милициясы кабарлады. Бала кечки саат 21:30дарда Бишкектин жогору жагындагы Панорама аймагынан табылган. Социалдык тармактарда тараган видеодо күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү өспүрүмдү жана аны уурдаганы айтылган славян түспөлүндөгү дагы бир адамды үйдөн алып чыгышканын көрүүгө болот. Жалпысынан бул кылмышка шектүү эки адам камакка алынды.

Милициянын айтымында, бала эртең менен мектепке баратканда жолдон аны жеңил машинеге күчтөп салып кетишкен. Окуянын видеосу Интернетке тараган.

Баланы таап, куткарууга ​Чүй облустук жана Ысык-Ата райондук ички иштер башкармалыктарынын тажрыйбалуу кызматкерлеринен турган топ түзүлгөн.

Пикирлерди көрүңүз (11)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG