Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:59

Парламенттеги көпчүлүк коалиция өкмөттүн отчетун угат


Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте отчет берип жаткан учур. 14-июнь, 2018-жыл.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте отчет берип жаткан учур. 14-июнь, 2018-жыл.

Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жетектеген өкмөттүн былтыркы иши тууралуу отчетун угат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Жогорку Кеңештин 20-марттагы отурумунда азыркы өкмөттүн курамына ишенбестик көрсөтүү боюнча демилге көтөрүлгөн. Эл өкүлдөрү 2018-жылды жыйынтыктаганда да бюджеттин киреше бөлүгү аткарылбаганын, 6 млрд. сомдон ашуун акча чогулбай калганын сынга алышкан.

Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт 2018-жылдын 20-апрелинде дайындалган.

120 мандаттуу кыргыз парламентинде алты фракция бар. Алардын төртөө - КСДП, «Республика - Ата Журт», «Кыргызстан» жана «Бир Бол» - башкаруучу коалицияда. Ал эми «Ата Мекен» жана «Өнүгүү-Прогресс» оппозициялык азчылыкта. (КЕ)

XS
SM
MD
LG