Кыргызстанда жарандарга паспорт жасоодо мамлекеттин бюджетине зыян келтирилген. Бул тууралуу бүгүн парламентте маалымат берип жатып Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Идирис Кадыркулов билдирди.
Атайын кызматтын башчысы учурда тергөө жүрүп жатканын, купуя сыр болгондуктан тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн кенен маалымат бере албаcын айтты:
- Кылмыш иши «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» деген негизде кызмат адамдарына карата козголгон. Суммасын айта албайбыз, мамлекеттик бюджетке зыян келтирилген.
Биометриялык паспортторго бланк даярдоо боюнча өткөрүлгөн тендерде Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) кызматкерлери өз пайдасы үчүн мыйзамдарды бузуп, өздөрүнө тыгыз байланышы бар компаниянын кызыкчылыгы үчүн иштешкенин буга чейин УКМК билдирген.
«Азаттыктын» маалыматы боюнча, УКМК азыркы жана мурунку бир катар жооптуу мамлекеттик кызматкерлерди «тендерди литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясынын утушуна кызыкчылыгы болгон» деп айыптап жатат. (RK)