Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:26

Коалиция өкмөттүн ишин канааттандырарлык деп тапты


Мухаммедкалый Абылгазиев жана өкмөт мүчөлөрү. 12-апрель, 2019-жыл.
Мухаммедкалый Абылгазиев жана өкмөт мүчөлөрү. 12-апрель, 2019-жыл.

Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы өкмөттүн 2018-жылдагы ишин канааттандырарлык деп тапты. Бүгүн, 12-апрелде өкмөт толук курамы менен парламентке келип, отчет берди.

Депутаттардын колдоосун премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жаңы күч менен иштөөгө түрткү катары баалады:

- Кемчиликтерди айттыңыздар, эми анын баары бизге сабак болот. «Отчеттон кийин эмне болобуз?» деп күтүп жаткандар да бар эле. Эми жаңы күч менен ишке киргенге кадам таштайбыз.

Суроо-жооптун жүрүшүндө депутаттар экономиканы жакшыртып, карапайым калктын социалдык маселелерин чечүү, инвестиция тартуу тууралуу кеп кылышты. Алар ошондой эле ири долбоорлор менен программалардын ишке ашырылышын камсыз кылуу, кылмыштуулукту азайтуу, коррупциялык жосундарды жоюу, кадр тандоого көбүрөөк көӊүл буруп, кызмат адамдарынын жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча сөз козгошту.

Жогорку Кеңештин 20-марттагы отурумунда азыркы өкмөттүн курамына ишенбестик көрсөтүү боюнча демилге көтөрүлгөн. Эл өкүлдөрү 2018-жылды жыйынтыктаганда да бюджеттин киреше бөлүгү аткарылбаганын, 6 млрд. сомдон ашуун акча чогулбай калганын сынга алышкан.

Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт 2018-жылдын 20-апрелинде дайындалган.

120 мандаттуу кыргыз парламентинде алты фракция бар. Алардын төртөө - КСДП, «Республика - Ата Журт», «Кыргызстан» жана «Бир Бол» + башкаруучу коалицияда. Ал эми «Ата Мекен» жана «Өнүгүү-Прогресс» оппозициялык азчылыкта. (RK)

XS
SM
MD
LG