Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:14

Мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн сынактары 3-июнда башталат

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, 11-класстардын окуучулары быйыл мамлекеттик сынактарын 3-июндан 20-июнга чейин тапшырышат. Бүтүрүүчүлөр төрт сабактан милдеттүү түрдө, ал эми бир сабактан тандоо иретинде сынак тапшырышат. Сынактардын тизмесине милдеттүү түрдө: 

- Математика (алгебра) – жазуу түрүндө; 

- Тил сабагынан (кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдеринде) – эссе; 

- Кыргызстандын тарыхы – оозеки; 

- Орус, өзбек жана тажик тилинде окуткан мектептерде кыргыз тилинен, кыргыз мектептерде орус тилинен - жазуу түрүндө; 

- Тандоо предметине: геометрия, физика, химия, биология, география, чет тил, адам жана коом/экономикага киришүү, информатика сабактары кирет. 

Мындан тышкары бүтүрүүчүлөр 15-24-май күндөрү дене тарбия сабагынан зачет тапшырууга милдеттүү. (ZKo)

XS
SM
MD
LG