Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:17

Жумгалда эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеш өтөт


Аманат сүрөт. Орозбек Орозалиев мелдештердин биринде жеңүүчү болгон учур.
Аманат сүрөт. Орозбек Орозалиев мелдештердин биринде жеңүүчү болгон учур.

19-20-апрель күндөрү Жумгал районунун Миң-Куш айылында машыктыруучу Орозбек Орозалиевдин элесине арналган, эркин күрөш боюнча өспүрүмдөр арасында эл аралык мелдеш өтөт.

Мелдештин уюштуруучуларынын бири Беккелди Орозбековдун айтымында, ага Кыргызстандан, Казакстандан, Өзбекстандан жана Тажикстандан 12 жаштан 15 жашка чейинки курактагы 600дөн ашуун өспүрүм катышат. Байгелер 13 салмакта (27 кг - 60 кг) ойнотулат. Турнирдин байге фонду 500 миң сомду түзөт.

Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги, Кыргыз ССРинин спорт чебери, эркин күрөш боюнча союздук маанидеги калыс, Кожомкул атындагы эл аралык мелдештин уюштуруучуларынын бири, машыктыруучу Орозбек Орозалиев быйыл 66 жашка чыкмак. Ал 56 жашында Балыкчы шаарында кант диабетинен каза болгон. 1972-жылы эркин күрөш боюнча 68 кг салмакта Кыргыз ССРнин чемпиону болгон. 30 жылга жакын Нарын жана Ысык-Көл облустарында эркин күрөштөн машыктыруучу болуп эмгектенген.

Орозбек Орозалиев машыктыруучулар Анаркул Кибраев, Серик Садыков, Атабек Алыбаев менен чогуу Мурат Кибраев, бир тууган Байыш жана Жаныш Төлөгөнов, Турат Койчуманов, Кенжебек Өмүралиев өңдүү эл аралык класстагы бир нече спорт чеберлерин даярдашкан.

Быйыл Миң-Куш айылындагы балдар-уландар спорт мектебине Орозбек Орозалиевдин ысымы ыйгарылган.

Орозалиевдин элесине арналган турнир алгач 2011-жылдан 2014-жылга чейин Балыкчы шаарында өткөрүлгөн. Эл аралык деңгээлде быйыл алгачкы жолу уюштурулуп жатат. (ECh)

XS
SM
MD
LG