Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:52

Украина: Порошенко стадиондо өтчү дебатка катышат


Зеленский жана Порошенко.

Петро Порошенко бүгүн, 14-апрелде стадиондо өтчү дебатка келет. Ал эми анын атаандашы Владимир Зеленский дебатка 19-апрелде гана катыша турганын буга чейин айткан.

Президенттик кызматка ат салышып жаткан эки талапкердин ортосундагы дебат алдын-ала 19-апрелге белгиленген.

Стадиондун жетекчилиги бул эки датага дебат өткөрүү боюнча өтүнүч түшкөнүн кабарлады.

Петро Порошенко менен Владимир Зеленский 21-апрелде Украинадагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасына катышат.

11-апрелде чыккан сурамжылоого караганда, куудул Зеленский Порошенкодон кыйла алдыда баратат. Биринчи айлампаны Зеленский чоң ажырым менен жеңген.

XS
SM
MD
LG