Украин президенти жана президенттикке талапкер Петр Порошенко атаандашы Владимир Зеленскийди бүгүн 15-апрелге да дебатка чакырды.
Кечээ 14-апрелде «Олимпийский» стадионунда пландалган айтышка Зеленский барган эмес. Ошондон кийин ал атаандашына кайрылып, «эртең да, бүрсүгүнү да дебатка чыгууга даяр экенин» айтты:
- Урматтуу Владимир Александрович! Эртең мени сизди чакыргандай эле программага чакырышты. Мен ошол жакта болом. Коркпоңуз. Дебаттын эч коркунучу жок. Мен эч кимди кемсинтким келбейт. Бул өтө маанилүү жоопкерчилик. Эртең келбесеңиз бүрсүгүнү келиңиз.
14-апрелде дебат өткөрүүнү Зеленскийге Порошенко сунуш кылган. Бирок Зеленский стадиондогу дебатка 19-апрелде гана барарын айткан.
Украинада президенттик шайлоонун экинчи туру ушул жекшемби, 21-апрелде өтөт.
11-апрелде чыккан сурамжылоого караганда, куудул Зеленский Порошенкодон кыйла алдыда баратат. Биринчи айлампаны Зеленский чоң ажырым менен жеңген. (RK)