Бишкек шаардык сотунда ушул тапта атайын кызматтын мурдагы башчысы Мурат Суталиновдун иши каралууда. Суталинов өзү ден соолугунун начарлаганына байланыштуу сотко жеткирилген жок. Анын адвокаттары Майрамбек Жумабеков менен Тимур Карабаев Суталинов катуу ооруп жатканын сотко айтышты. Ал эми соттук териштирүү Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) өкүлдөрү келбей калганына байланыштуу 7-майга жылды.
9-апрелдеги сот жараянында көрсөтмө берген дарыгерлер жана Суталиновдун саламаттыгын текшерген комиссиянын мүчөлөрү дээрлик бир ооздон «түрмө шартында дарылануу мүмкүн эмес» деген пикирин айтышкан. ЖАМКтын өкүлү да Суталинов «оорусунан айыгат деген үмүт аз» деп билдирген.
Адвокаттар дарыгерлердин «Суталинов өсмө оорусуна чалдыкканы жана дарты өтүшүп кеткени» жөнүндө корутундусуна таянып, түрмөдөн чыгарууну соттон өтүнүшкөн. Быйыл 15-февралда Бишкектин Ленин райондук соту бул өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартып койгон.
2010-жылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти (УКМК) жетектеп турган Суталинов ошол жылдагы апрель окуясындагы кан төгүүгө байланыштуу айыпталып, 20 жылга соттолгон. (ErN/ZKo)