Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:03

12 жаштагы баланы табууга жардам берген өспүрүм кыз сыйланды


Малика Махмуджанованы сыйлоо учуру. (Арткы фондо уурдалып табылган Даниил Браилкин). 15-апрель, 2019-жыл.
Малика Махмуджанованы сыйлоо учуру. (Арткы фондо уурдалып табылган Даниил Браилкин). 15-апрель, 2019-жыл.

Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкулов 15-апрелде Кант шаарынын тургуну, алтынчы класстын окуучусу Малика Махмуджанованы 12 жаштагы Даниил Браилкиндин табылышына чоң көмөк көрсөткөнү үчүн баалуу белектер менен сыйлады. Маалыматка караганда, окуяга күбө болуп калган кыздын берген көрсөтмөсү киши уурдоонун бетин ачууга жана 12 жаштагы өспүрүмдү аман-эсен табууга чоң жардам берген.

Малика Махмуджанованы сыйлоо аземи ал өзү окуган мектепте, окуучулардын жана мугалимдеринин алдында өттү.

Чүй ОИИБнүн жетекчиси мындай кызды тарбиялап өстүргөнү үчүн анын ата-энесине, мугалимдерине жана мектеп жетекчилигине ыраазычылык билдирди.

Иш-чарага уурдалып табылган Даниил Браилкин да катышып, өзүнүн аман-эсен табылышына көмөктөшкөн кызга ыраазычылыгын айтты.

Кант шаарынын 12 жаштагы тургуну Даниил Браилкинди белгисиз бирөөлөр автоунаага күчтөп салып, уурдап кетишкен. Өспүрүм ошол эле күнү кечинде Бишкекке жакын аймактан, гараждын жер төлөсүнөн табылган.

Тергөөнүн баштапкы маалыматтары боюнча аны уурдап кеткендер бала үчүн ата-энесинен акча талап кылуу максаты болгонун билдиришкен. (ZKo)

XS
SM
MD
LG