Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:06

Башкы прокуратура: паспорт тендеринен 253 млн. сом зыян келген


Замир Бейшекеев.
Замир Бейшекеев.

Кыргызстанга электрондук паспортко бланктарды даярдоо боюнча өткөрүлгөн тендерден мамлекет 253 млн. 377 миң сом зыян тарткан. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын Тергөө жана ыкчам издөө ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын жетекчиси Замир Бейшекеев билдирди:

«Башкы прокуратура тарабынан 2019-жылдын 26-февралында паспортторду сатып алуу боюнча өткөрүлгөн тендер боюнча кылмыш иши козголуп, азыр тергелип жатат. Баштапкы маалымат боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмү 253 млн. 377 миң сомду түзөт».

Ал бул иш боюнча азырынча камакка алынгандар тууралуу маалымат жок экенин айтты.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттеги (УКМК) булактарына таянып «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Талант Абдуллаев, Мамлекеттик каттоо кызматынын статс-катчысы Данияр Бакчиев, аталган мекеменин төрагасынын орун басары Руслан Сарыбаев камакка алынганын жазып чыгышкан.

УКМК буга чейин биометрикалык паспортко бланк даярдоо боюнча өткөрүлгөн тендерде Мамкаттоонун кызматкерлери өз пайдасы үчүн мыйзам бузуп, өздөрүнө тыгыз байланышы бар компаниянын кызыкчылыгы үчүн иштешкенин билдирген.

Мамкаттоо 2018-жылы электрондук паспортко бланктарды сатып алуу боюнча тендер жарыялаган. Бул тендерге беш компания катышып, литвалык «Гарсу Пасаулис» жеңүүчү болуп табылган.

Бирок германиялык «Muhlbauer ID Services» «тендерде эреже бузууга жол берилди» деп сынактын жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган болчу. (BTo)

XS
SM
MD
LG