Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:42

Дача-СУ конушундагы учак кырсыгы боюнча иш жандандырылды


Каза болгондордун сөөгүн көтөрүп бараткан куткаруучулар. 16-январь, 2017-жыл.
Каза болгондордун сөөгүн көтөрүп бараткан куткаруучулар. 16-январь, 2017-жыл.

«Манас» аэропортунун жанында жайгашкан Дача-СУ конушуна кулаган учак боюнча иш жандандырылды. Ошондой эле бул кырсык боюнча Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кылмыш ишин козгоодон баш тартуу тууралуу чечимин Башкы прокуратура жокко чыгарды.

Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин бүгүнкү жыйынында билдирди.

«2019-жылдын 14-январында ИИМдин токтому жокко чыгарылып, сотко чейинки өндүрүш иши болуп жатат. «Боинг-747» учагы Гонконг-Стамбул боюнча багыт алып, «Манас» эл аралык аэропортунан май куюу максатында техникалык конуш үчүн кайрылып келген. Кырсык ошондо болуп жатат. Бүгүнкү күндө иш жандандырылып, ИИМ тергөө иштерин жүргүзүп жатат», - деди Жамшитов.

Ал учактагы жүк кимге таандык болгону тууралуу «тергөөнүн купуялуулугу үчүн» деп маалымат берген жок.

2017-жылдын 16-январында таңкы жети жарым чамасында түркиялык компанияга таандык «Боинг-747» үлгүсүндөгү жүк ташуучу учак Бишкектин түндүк тарабындагы «Манас» аба майданынын жанына кулап түшкөн.

Кырсыктын айынан аба майданынын жанындагы Дача-СУ айылынын 35 тургуну, андан тышкары учактагы төрт учкуч мерт болгон. (BTo)

XS
SM
MD
LG