Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:33

Депутаттар башкы прокурорго «батасын беришти»


Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов.
Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов.

Жогорку Кеңеш башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун 2018-жыл үчүн отчётун бир добуштан колдоп берди. Бирок прокуратуранын ишине ичи чыкпаган айрым эксперттер парламентти сындап жатышат.

Эл өкүлдөрү бир жыл мурун кызматка дайындалган башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун ишине оң баа берип, кескин сын-пикир айтышкан жок. Суроо берген депутаттардын көпчүлүгү шайлоочулардан түшкөн жеке арыздарды, коомчулукта талкууланып жаткан айрым көйгөйлөрдү акыйкат териштирүүнү өтүнүштү.

«Бир бол» фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров прокуратуранын ишинин натыйжалуулугун арттыруу үчүн кошумча каражат бөлүп берүүнү сунуш кылды.

«Тергөөчүлөр чоң каржы кылмыш иштерин тергеп жатат. Бирок алар Кыргызстандын ичинде гана иш алып барышууда. Англис тилин билген балдарга чет мамлекетке барууга, адистерди колдоого бюджеттен акча бөлүп берели дедик эле. Ушуну аягына чыгарбасак болбойт».

Жыйында бир катар депутаттар башкы көзөмөл органдын аткарган иши жакшы экенин айтып, отчётту колдоп добуш берерин жарыялашты. Бирок парламенттеги эркин депутат Жанар Акаев прокуратура органдарына болгон элдин ишеними дагы эле жогору эмес экенин, маселени реалдуу карап, чечим чыгарууга чакырды.

«Ар бир депутаттын өзүнүн иши. Сизди мактап, «өмүрүңүз узун болсун, ден соолугуңуз чын болсун» деген каалоолор айтылып жатат. Бирок чечимди өзүңүз чыгарышыңыз керек. Кыргызстанда азыр калыстык толук орной элек. Сиз мунун үстүнөн иштешиңиз керек. Прокуратура органдарына болгон ишеним сиз келгенден бери эле абдан жакшы болуп кеткен жери жок. Мунун үстүнөн да иштеш керек. Анткени эгемендик алгандан бери топтолуп калган маселелер акырындык менен чечилет».

Коомчулукта Башкы прокуратуранын жылдык отчетун кабыл алган парламенттин өзүнө сын айткандар болууда. Сындагандардын жүйөсүндө, адам укуктарын коргоочу, мыйзам бузууларга көз салган негизги органдын жылдык баяндамасы кызуу талкууланып, талаш-тартыш менен кабыл алынышы керек эле.

Өлкөдө чуулгандуу кылмыш иштери акыйкат териштирилбей жатканын айтып жүргөн укук коргоочу Рита Карасартова парламент өз милдетин аткара албай жатканын белгиледи.

Рита Карасартова
Рита Карасартова

«Өнүгүп келаткан мамлекетте прокурор жооп берип, эч кандай орчундуу деле маселе жоктой болду. Прокурорго эмес, депутаттардын суроо берген деңгээлине нааразы болдум. “Тигил боюнча кандай ойлойсуз, тигиге кандай баа бересиз?” деген эле суроолор. Депутат суроону даярданып туруп бериши керек. Жамшитовдун кайсы бир окуяга карата пикири мени кызыктырбайт. Прокурордон жасалып же жасалбай жаткан ишке кандай баа берилээрин сурашы керек болчу».

Ошентип, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңеште бир нече чуулгандуу иштер боюнча суроолорго жооп берди. Алардын негизгилерине токтололу.

Көр сатуу иши көзөмөлгө алынат

Өткүрбек Жамшитов депутат Жанарбек Акаевдин суроосуна жооп берип жатып, көр сатуу боюнча үч кылмыш иши козголгонун айтты:

«Көзөмөлгө алабыз. Жалпысынан үч кылмыш иши козголгон. Эки иш боюнча тергөө жүрүп жатат, бирөө боюнча сотко жиберилиптир, азыр сот жүрүп жатат. Тергөө жүрүп жаткан иштерди да көзөмөлдөп турабыз».

Көр сатуу: уурусу күч болсо...
please wait

No media source currently available

0:00 0:28:45 0:00

Бишкектин Ленин райондук соту 8-февралда Уланбек Эгизбаевдин «Көрүстөндөгү коррупция» иликтөөсүнүн каарманы Максат Баялиевди даттануучуларга 20 миң сом доо төлөп берүүгө милдеттендирген чечим чыгарган.

Чечим Уланбек Эгизбаевдин «Көрүстөндөгү коррупция» иликтөөсүндө кабырлардын сатылып жатканы тууралуу интервью берген Максат Баялиев Түштүк-Батыш көрүстөнүнүн жетекчиси Чыңгыз Апасовго жана бригадир Алихан Алиевге 10 миң сомдон төлөп берүүгө милдеттендирет.

Батукаевдин иши

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов депутат Зарылбек Рысалиевдин суроосуна жооп берип жатып, кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши жандандырылганын айтты:

«Батукаевдин иши боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Жакында сизди (Зарылбек Рысалиевди - ред.) күбө катары көрсөтмө берүүгө чакырабыз».

Зарылбек Рысалиев.
Зарылбек Рысалиев.

Депутат Зарылбек Рысалиев өткөн жумада президенттин айтканын эске салып: «Мафиялык клан бийликке кысым көрсөтүп жатат деп президент айтып жатат. Бул сөз боюнча, прокуратура кандай иштерди жасап жатат? Тергөө топтору түзүлдүбү?» деп сурады. Өткүрбек Жамшитов азырынча андай топ жок экенин билдирди.

Нарын шаардык соту 2013-жылы 9-апрелде Азиз Батукаевди мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча ишти шашылыш карап, чечим чыгарган. Ал Нарындан чыгып «Манас» аба майданынын VIP залынан чыгып, Чеченстандын Грозный шаарына жеке менчик учак менен учуп кеткен.

Былтыр Жогорку Кеңештин «Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаты, Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын мурдагы төрагасы Зарылбек Рысалиев кримтөбөл Азиз Батукаевди Нарындагы абактан мөөнөтүнөн мурда, мыйзамсыз бошотуу фактысына байланыштуу 2013-жылы 18-июлда козголуп, бирок кийин токтотулган кылмыш ишин кайра жандандырууну талап кылган.

«Белизгейт» иши «жашыруун»

Башкы прокурор «Белизгейт» деген ат менен белгилүү болгон кылмыш ишинен «жашыруун» деген гриф алына элек экенин билдирди:

«Бул иш боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган. Мыйзам боюнча тараптар материал менен таанышууга укугу бар. Бүгүнкү күндө «жашыруун» деген гриф алынган эмес».

Былтыр жыл аягында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) түзүлгөн комиссия «Белизгейт» боюнча кылмыш ишинен «жашыруун» деген грифти алып салуу боюнча иштеп жатканы кабарланган.

2016-жылы УКМКнын ошол кездеги жетекчиси Абдил Сегизбаев айрым депутаттар 2012-жылы «Альфа Телекомдун» мамлекетке өткөрүлбөгөн 50% акциясын сатууга аракет кылгандыгы Белиз өлкөсүнөн келген документтерде көрсөтүлгөнүн айтып чыккан.

Ал сөз болуп жаткан документтерде саясатчылар Өмүрбек Текебаевдин, Аида Салянованын жана Алмамбет Шыкмаматовдун аты-жөнү жазылганын кабарлаган. Кийин документтин түп нускасы УКМКда жок болуп чыккан.

«Текебаевдин ишин кайра карап чыгууга даярбыз»

Ошондой эле башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов прокуратура «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра карап чыгууга даяр экенин билдирди. Ал бул тууралуу Жогорку Кеңеште «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Сайдулла Нышановдун суроосуна жооп берип жатып айтты.

«Бул маселе коомчулукта талкууланып жатат. Жаңы ачылган жагдайлар боюнча иш Жогорку сотко берилген. Башынан карап чыгып, мыйзам чегинде жардам берүүгө даярбыз», - деди Жамшитов.

Нышанов «кандай болгон күндө да ал кишинин эмгегин эске алып, баарыбыз аны чыгарууга аракет кылышыбыз керек», деп билдирди.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана «Мекенчил» партиясынын лидери Садыр Жапаровдун иши 23-апрелде Жогорку сотто каралат. Эки саясатчынын тарапташтары бул күнү сот имаратынын алдында митингге чыгарын айтып жатышат.

Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы орусиялык жаран Леонид Маевскийдин көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылга кесилген.

"Сиздерге рахмат!"

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов баяндамасын окуп бүткөндөн кийин суроо-жооп учурунда залда 20-30дай эле депутат отурду. Эл өкүлдөрү добуш берүү маалына чукул гана көбөйө баштады. Ошентип башкы прокурордун отчетуна 109 депутат «макул» деп добуш берди.

Өткүрбек Жамшитов парламентте айтылган сунуш-пикирлер эске алынып, кемчиликтерди оңдоого аракет кыларын билдирди.

Түшкөн сунуштар, сын-пикирлерди жазып, белгилеп алдык. Алардын үстүнөн иштейбиз. Туура, биз тараптан да кемчиликтер бар, аларды оңдоого аракет кылабыз. Сиздерге рахмат!

Өткүрбек Жамшитов Кыргызстандын башкы прокурору болуп былтыр 26-апрелде дайындалган. Жамшитов кызматка киришип жатып, коррупция менен аёосуз күрөшүүгө, саясий курал болбой турганын убада кылган. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, былтыр жалпысынан мыйзам бузулган 39 миңге жакын факт катталган, коррупция үчүн 962 кылмыш иши козголгон.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

  • 16x9 Image

    Зейнеп Мартбек кызы

    "Азаттыктын" веб-редактору, журналист. 2004-жылы Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG