Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Ноябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:54

Башкы прокурор: Батукаевдин иши жандандырылды (видео)


Азиз Батукаевдин түрмөдө түшкөн сүрөтү.
Азиз Батукаевдин түрмөдө түшкөн сүрөтү.

Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 17-апрелде Жогорку Кеңеште депутат Зарылбек Рысалиевдин суроосуна жооп берип жатып билдирди:

«Батукаевдин иши боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Жакында сизди (Зарылбек Рысалиевди - ред.) күбө катары көрсөтмө берүүгө чакырабыз».

Депутат Зарылбек Рысалиев өткөн жумада президенттин айтканын эске салып: «"Мафиялык клан бийликке кысым көрсөтүп жатат" деп президент айтып жатат. Бул сөз боюнча, прокуратура кандай иштерди жасап жатат? Тергөө топтору түзүлдүбү?» деп сурады. Өткүрбек Жамшитов азырынча андай топ жок экенин билдирди.

Нарын шаардык соту 2013-жылы 9-апрелде Азиз Батукаевди мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча ишти шашылыш карап, чечим чыгарган. Ал Нарындан чыгып «Манас» аба майданынын VIP залынан чыгып, Чеченстандын Грозный шаарына жеке менчик учак менен учуп кеткен.

Былтыр Жогорку Кеңештин «Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаты, Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын (ЖАМК) мурдагы төрагасы Зарылбек Рысалиев кримтөбөл Азиз Батукаевди Нарындагы абактан мөөнөтүнөн мурда, мыйзамсыз бошотуу фактысына байланыштуу 2013-жылы 18-июлда козголуп, бирок кийин токтотулган кылмыш ишин кайра жандандырууну талап кылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG