Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:36

Перунун экс-президенти өзүн атып салды


Перунун мурдагы президенти Алан Гарсиа.
Перунун мурдагы президенти Алан Гарсиа.

Перунун мурдагы президенти Алан Гарсиа баш калаа Лимадагы үйүндө өзүн атып салды. Окуя 17-апрелде полиция кызматкерлери паракорчулук боюнча иликтөөнүн алкагында аны кармап кетиш үчүн келген учурда болду.

Гарсия ооруканага жеткирилгенин, абалы оор экенин жергиликтүү телеканалдар кабарлап жатышат. 69 жаштагы саясатчыга Бразилиянын «Одебрехт» курулуш компаниясынан пара алган деген айып коюлууда.

1985-90-жылдары өзүн улутчул президент катары көрсөткөн Алан Гарсиа кийинчерээк либералдык, эркин рынокту көз караштарды жактаган саясатчыга айланып, 2006-жылы экинчи жолу президенттик кызматка шайланган. Анын акыркы президенттик мөөнөтү 2011-жылы аяктаган эле.

XS
SM
MD
LG