Орусияда полиция кызматкеринин өлүмү үчүн шек саналып жаткан кыргызстандык Нурлан Муратовдун күнөөсүн тастыктаган далилдер табылган жок. Бул тууралуу анын адвокаты Алексей Толстых билдирди.
18-апрелде Москвадагы «Росбалт» агенттигинде өткөрүлгөн басма сөз жыйынында Толстых орус баш калаасындагы №2 тергөө абагында камакта отурган Муратов ага коюлуп жаткан айыптарды мойнуна албай турганын айтты.
Кыргызстандык жарандын иши 3-майда сотто каралат.
Былтыр 3-сентябрга караган түнү Москвадагы «Курская» метросунда 23 жаштагы полиция кызматкери Андрей Райскийдин өлүгү табылган. Ал башына атылган октон каза болгону аныкталган. Орусиянын Тергөө комитети Кылмыш-жаза кодексинин «Полиция кызматкеринин өмүрүнө кол салуу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.
Кылмышка жалгыз шектүү катары Нурлан Муратов сентябрдан бери камакта отурат. Аны полиция кызматкери документ текшериш үчүн кармаганы, кийин экөө чогуу метродогу дааратканага кирип кеткени видеого тартылып калган.
Ош облусунун Кара-Кулжа районунда туулуп-өскөн Нурлан Муратов 2006-жылдан бери Орусияда иштеп жүргөн. 2008-жылы Оренбургда орус жарандыгын алган. Акыркы жылдары Москвада аялы жана бир туугандары менен бирге турушкан. Жакындары ага коюлган дооматты четке кагып, кылмыш кылганына ишенбей турганын билдиришкен.