Линктер

бейшемби, 23-май, 2019 Бишкек убактысы 09:56

Уланбек Эгизбаевдин эмгектеринин топтому орус тилинде жарык көрдү


Уланбек Эгизбаевдин иликтөөлөрү жана башка эмгектери камтылган «В поисках истины» («Чындык деп жанган өмүр») китеби.

«Азаттыктын» иликтөөчү журналисти, бир катар эл аралык сынактардын жеңүүчүсү, маркум Уланбек Эгизбаевдин иликтөөлөрү жана башка эмгектеринин топтому орус тилине которулуп, китеп түрүндө басылып чыкты.

Бул китепке маркумдун кыска өмүрүндө калтырып кеткен эмгектери – жемкордукту, мыйзамсыздыкты ашкерелеген видео иликтөөлөрү, даректүү тасмалары жазуу түрүндө киргизилген. Ошондой эле журналисттин кызыктуу блогдору, макалалары, өзү тарткан сүрөттөрү да бар. Мындан сырткары китептен ал жөнүндө дилбаяндарды, эскерүүлөрдү, сүрөттөрдү да табууга болот.

Китептин кыргызча версиясын PDF форматында бул шилтеме аркылуу жүктөп алсаңыз болот.

Орус тилдүү окурмандар китепти «Азаттыктын» редакциясынан келип алса болот.

Уланбек Эгизбаевдин «В поисках истины» (Чындык деп жанган өмүр) китеби «Азаттык Медиа» мекемесинин демилгеси жана «Сорос - Кыргызстан» фондунун каржылык колдоосу менен жарык көргөн.

«Азаттык» радиосунун кабарчысы, белгилүү иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда Ысык-Көлдө эс алып жүрүп, мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG